Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

- Туристтер үчүн

Ош облусу – ажайып кооз табияттын жана айтылуу Улуу Жибек жолу мезгилинен берки тарыхый жайлардын казынасы, байыркы ыйык жайлардын зор музейи.

Алай өрөөнү

Деңиз деңгээлинен 3000 метр бийикте жайгашкан өрөөндү жергиликтүүлөр Алай деп аташат. Өрөөндү бейиштин бир бурчу деп атоого болбойт – аны жүздөгөн чакырымдарга созулуп жаткан тоо чөлү десе болот. Өрөөндүн өзүнө тарткан табияты, өсүмдүктөрү жок болгонуна карабастан альпинисттер көп байырлаган аймак болуп эсептелет. Алар бул жерге улуу Ленин чокусун багындыруунун алдында жергиликтүү климатка көнүү үчүн келишет.

Ленин чокусу

Бийиктиги 7134 метр болгон чоку Памир-Алай тоолорунда, Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен жерде орун алган жана альпинисттер үчүн эң эле жеткиликтүү “жети миңдиктердин” катарына кирет. Ачык-Таш базалык лагеринен жөнөгөн альпинисттерди тоонун чокусунда муз жана карлардын падышалыгы тосуп алат. Стандарттык экспедиция 21 күндү камтыйт.

Кыргыз-Ата улуттук жаратылыш паркы

Облустун борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Өрөөндү бардык тарабынан Кичи-Алай тоо кыркаларынын найза мийиздүү чокулары курчап турат. Ошондой эле Кыргыз-Ата капчыгайында шафран жана жоогазындын айрым түрлөрүн коргоо жана өстүрүп көбөйтүү үчүн арналган Кыргыз-Ата ботаникалык заказниги да жайгашкан.

Кара-Шоро улуттук жаратылыш паркы

Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 60 чакырым аралыкта жайгашкан. Бул жер шаардын ызы-чуусунан эс алып, кымыз ичип, ат минип сейилдөө үчүн эле эмес ден-соолукту чыңдоо үчүн да ыңгайлашкан. Анткени ушул жерде дарылык касиеттери менен даңазасы чыккан 12 минералдык булак бар. Андан тышкары, парктын ичинде арча, карагай, жаңгак токойлору да бар, анын көпчүлүк бөлүгүн жайыттар ээлейт.

Кулун-Ата коругу

Ош шаарынан 40 чакырым алыстыкта , Фергана жана Алай тоолорунун аймагында жайгашкан. Бул жердин кооз капчыгайлары, альпы шалбаалары жана өзгөчө кооз тоо көлдөрү – Кулун жана Орто-Көл сизди суктандырып, көзүңүздү кубандырат. Ошондой эле корукта көптөгөн дары чөптөр өсөт жана 100 дөн ашуун жаныбарлардын, куштардын түрлөрү байырлайт.

Чил-Устун үңкүрү

Ош облусунун түштүк-батышындагы Араван айылынан 3,5 чакырым аралыкта орун алган. Тоо кыркасы өрөөндөн 425 метр бийиктикте. Ал эми таш үңкүр бири-бири менен тар коридорлор менен байланышкан 3 кенен залдан турат. Чил-Устундун дубалдары криссталдар жана таш оймолор менен капталган, жашы 350 миллион жылдан ашат. Үңкүрдө кескелдириктер, жыландар, жарганаттар байыр алгандыктан этият болуңуз.

Өзгөн шаары

Бул чакан тарыхый шаар Ош шаарынан 55 чакырым алыстыкта жайгашкан. Учурунда Караханийлер дөөлөтүнүн борборлорунун бири болгон жана аны айгинелеген айрым эстеликтер бүгүнкү күнгө чейин келип жеткен. Комплекс Караханийлердин үч мавзолейинен турат – 46,5 метр болгон мунара, мечит жана медресе. Андан башка Өзгөндө байыркы чептин, күмбөз-көрүстөндөрдүн урандылары бар. Учурда айтылуу күрүчү жана андан жасалган даамдуу аш палоосу менен белгилүү.

Төө-Моюн конушу

Араван айылында жайгашкан Орто Азиянын эң эле кызыктуу обьектилеринин бири. Конушту чакан көңдөйчөлөрү менен үч чоң жарака бөлүп турат. Бул жерде биздин доорго чейинки II кылымда кытайлар жез казып алышкан. Азыр жер астында калган беш үңкүрүн, тоо-гелогиялык иш аракеттердин натыйжасында толук же жарым-жартылай көмүлүп калган көңдөйлөрдүн айрым бөлүктөрүн көрүүгө болот. Үңкүрдүн жанынан аска-зоолорду аралап, Араван-Сай дарыясы агып өтөт.

Үч-Чат жайлоосу

Облус борборунан 120 чакырым алыстыкта жайгашкан. Башка туристтик жайларга салыштырмалуу жаш. Үч жылга бириккен түздүктө орун алган. Түздүктүн ортосун тең бөлүп көк кашка суусу агып өтөт. Ал эми жайлоого алып барган жол өзгөчө кооздугу менен таң талтырат. Жолдун башталышында “Курманжан датка” тарыхый-эпикалык фильминин эпизоду тартылган, кулап калчудай көрүнгөн көк мелжиген тоолор менен курчалган капчыгай айрым туристтер тарабынан “Пандорра материги” деген даңазага да ээ болгон. Ал эми капчыгайга кире бериште кооз шаркыратма бар.