Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

- Негизги маалымат

Ош облусу административдик-географиялык жайгашуусу:

Ош облусу 1939-жылы  21-ноябрда уюшулган. 1959-жылы 27-январда Жалал-Абад облусу менен биригип, 1990-жылы 14-декабрда кайра эки облуска Ош жана Жалал-Абад облустарына ажыраган. 1999-жылы Ош облусунун курамынан Баткен облусу бөлүнгөн.

Ош облусу Кыргызстандагы ири административдик-аймактык бирдик. Республиканын түштүк бөлүгүндө жайгашкан жана батышынан Баткен облусу, түндүгүнөн – Жалал-Абад облусу, түндүк-чыгышынан – Нарын облусу, чыгышынан – Кытай Эл Республикасы, түштүгүнөн – Тажикстан Республикасы, түндүк-батышынан – Өзбекстан Республикасы менен чектешет.

Облустун жалпы аянты 29,6 миң кв.км.  Кыргыз Республикасынын жалпы аянтынын 14,8% түзөт.

Облус тоолуу рельеф мүнөздүү,  деңиз деңгээлинин бийиктиги түндүгүндө 500 метрден, түштүгүндө 7000 м бийиктикке чейин өзгөрөт.

Облустун курамына 7 район (Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат,  Өзгөн, Чоң-Алай) 3 райондук деңгээлдеги шаар (Кара-Суу, Өзгөн,  Ноокат), 88 айыл өкмөт, 527 айыл кирет.

Облустун климаты негизинен мелүүн жана тропик кеңдиктеринин аба массаларынын таасиринен түзүлгөн.

Деңиз деңг. 600–1000 м бийиктикте жайгашкан жерлердин климаты жылуу, жарым чөлдүү; кышы мелүүн, жылуу (январдын орт. темп-расы –3 –4°С), кыска. Жайы ысык (июлдуку 24–25°С), кургакчыл. Аптап ысыкта 40°Сге чейин көтөрүлөт. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200 ммдей, көбүнчө кышында жаайт.

Борбору: Ош шаары

Туруктуу калктын саны 2023-жылдын 1-январына карата 1 444 353.

Этностук курамы 60дан ашык  улуттун өкүлдөрү жашайт.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Ош облусун бүгүнкү күндөгү жетекчилиги менен 19 адам жетектеди. Буга чейин облус башчылар губернатор деп аталса, азыркы учурда Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү деп аталат.

Облусту башкарган жетекчилер:  Б.С. Сыдыков (1991-1993-жж),  А.Э. Эркебаев (1993-1995-жж), Ж.С. Рустенбеков (1995-1996-жж), А.М Муралиев (1996-1999-жж), Т.А. Акматалиев (1999-2000-жж), Н.К. Касиев (2000-2005-жж),  К.Н. Жолдошев (2005-жылдын 28-январынан 2005-жылдын 18-мартына чейин), А.А. Артыков (2005-жылдын 18-мартынан 2005-жылдын 12-декабырына чейин), А.З. Закиров (2005-жылдын 12-декабырына 2006-жылга чейин), Ж.Ж. Сатыбалдиев (2006-жылдын 24-майынан 2006-жылдын 27-ноябрына чейин), А.А. Карашев (2006-2009-жж), М.С. Бакиров (2009-2010-жж),  С.Ш. Жээнбеков (2010-2015-жж), Т.Н. Сарыбашев (2015-2018-жж), У.К. Жылкыбаев (2018-2020-жж), Б.Ю. Юсупов (2020-жылдын 8-августунан 2020-жылдын 19-октябрына чейин), Ж.О. Абдураимов (2020-жылдын 19-октябрынан 2021-жылдын 22-июлуна чейин), З.И. Жамалдинов (2021-жылдын 22-июлунан 2023-жылдын 14-апрелине чейин), Э.Н. Джантаев 2023-жылдын 14-апрелинен бери жетектеп келүүдө