1986-жылы 6-майда Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында туулган.
Билими: жогорку. 2007-жылы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетин бүтүргөн, адистиги – Саясат таануучу. 2011-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Экономика» багыты боюнча магистратураны аяктаган.
Класстык чени: мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору
Эмгек жолу:
2023-жылдын 17-апрелинен тартып – Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси
2019 – 2022-ж.ж. БУУнун Ош шаарындагы Өнүктүрүү программасынын кеңсесинде жергиликтүү коомдордун өнүктүрүү потенциалы жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тармагында эксперт-консультант
01.05.2019 – 31.12.2021-ж.ж. «Визит Алай» ЖЧКнын коммерциялык директору
22.08.2018 – 15.04.2019-ж.ж. Ош шаарынын мэринин кеңешчиси
17.12.2015 – 01.08.2018-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы
10.08.2015 – 15.12.2015-ж. «Росинбанк». ААКнын Кара-Суу филиалынын операциялык бөлүмүндө менеджер
11.03.2014 – 04.06.2015 -ж.ж. «Айыл Банк» ААКнын башкы кеңсесинде, талдоо жана аймактарды координациялоо бөлүмүндө насыя берүү боюнча менеджер
14.02.2012 – 11.03.2014-ж.ж. «Айыл Банк» ААКнын Гүлчө филиалында насыя берүү жана насыяларды администрациялоо боюнча жетектөөчү адис
19.04.2010 – 31.12.2010-ж.ж. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгында келишимдер боюнча инспектор
01.08.2008 – 01.01.2009-ж.ж. «Европа» радиокомпаниясынын Жаңылыктар кызматында адабий редактор