1973-жылы 8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылында туулган.
Билими: жогорку. 2011-жылы академик Ж. Алышбаев атындагы Ысык-Көл кооперациялык институтун бүтүргөн, адистиги – Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит.
Класстык чени: муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси
Эмгек жолу:
2023-жылдын 13-апрелинен тартып – Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
15.11.2021 – 13.04.2023-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору
11.05.2021 – 15.11.2021-ж.ж. Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору
30.10.2020 – 11.05.2021-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
29.07.2020 – 30.10.2020-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары
09.02.2018 – 29.07.2020-ж.ж. Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими
16.04.2014 – 09.02.2018 -ж.ж. Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин биринчи орун басары
23.01.2013 – 16.04.2014-ж.ж. Ак-Суу районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын президиумунун төрагасы
20.01.2009 – 05.11.2012-ж.ж. Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы
01.08.2003 – 20.01.2009-ж.ж. Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
20.12.2002 – 01.08.2003-ж.ж. Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн статист-экономисти
Сыйлыктары:
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы» төш белгиси
«Муниципалдык кызматтын мыктысы» төш белгиси
«Мамлекеттик кызматтын мыктысы» төш белгиси
«Айлана-чөйрөнү коргоонун мыктысы» төш белгиси
КРдин Статистика кызматынын «Статистиканын мыктысы» төш белгиси
КР ӨКМдин "Чукуул кырдаалдын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы үчүн" төш белгисине татыктуу болгон
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы
Кесиптик жетишкендиктери:
JICA программасы боюнча Жапониядан стажировкадан өткөн
Индустриялык парктарды куруу жана башкаруу боюнча КЭРден курстан өткөн