Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

27

Март

2024

01:00

Облустагы бардык медицина мекемелери текшерилет

Облустагы бардык медицина мекемелери текшерилет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилигинде өткөрүлгөн онлайн жыйындагы тапшырмасына ылайык төрөт үйлөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча эл арасында айтылган нааразычылыктарды иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов жана тийиштүү кызматкерлер тарабынан Ноокат аймактык ооруканасынын жана Ош облусттар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмдөрү текшерилди.

Текшерүүдө калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу, энелердин, ымыркайлардын өлүмүн кыскартуу жана анын алдын алуу максатында аялдардын кош бойлуу мезгилинде, төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки учурларында көрсөтүлгөн акушердик-гинекологиялык кызматтын сапатын жакшыртуу, стационарда дарылап жаткан бейтаптарга жагымдуу шарттарды түзүү, саламаттык сактоо мекемелеринде санариптештирүү максатында иштелип чыккан бирдиктүү электрондук система менен иш алып баруу ж.б. маселелер боюнча мекеме жетекчилерине бир топ тапшырмалар берилди.

Ушундай эле текшерүү облустун аймагындагы бардык облустук жана райондук медицина мекемелеринде улантылат.