Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

21

Март

2024

10:00

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу Ош облусунун тургундары жана коноктору!

Бүгүн биз жаңылануунун, ак тилектин, аруу ниеттин, ыйман менен ынтымактын белгиси болгон ата-бабаларыбыздын нускалуу каада-салттарына бай, кылымдардан кылымдарга уланып келе жаткан улуу Нооруз майрамын жарык маанай, өзгөчө шаң менен тосуп алуудабыз.

​​​Сиздерди санжыралуу Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Нооруз-тарых сыяктуу эле узак жана терең, ал - табият менен адам жашоосунун ажырагыс символу, улуу тилектер менен үмүттөрдүн ширелишкен майрамы.

Бул майрамдын көөнөрбөс касиети ата-бабаларыбыздын улуу салтын, үрп-адатын, рухий дөөлөттөрүн кылымдан-кылымга, муундан-муунга мурас катары тартуулагандыгында.

Майрамдын урматына ордолуу Ош шаарында жана Ош облусунун бардык аймактарында кыргыздын көөнөрбөс баалуулугу болгон боз үйлөр тигилип, улуттук каада-салттарыбыз, спорттук оюндарыбыз даңазаланып жатат.

Быйылкы Нооруз майрамына шайкеш ыйык Рамазан айы да келип, калкыбыз жакшы тилектер менен орозо кармашууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен өлкөнүн жети дубанында ифтарлыктар уюштурулуп, элибиз ак дилден жакшылыктарга дуба кылышууда.

Баарыңыздардын кармаган орозоңуздар кабыл болуп, жараткан жакшы ниет-тилектерибизди орундатсын.

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу Ош облусунун тургундары жана коноктору!

Кайсы улуттун өкүлдөрү болбойлу бири-бирибизди урматтап, сыйлап, өз ара достукту чыңдап, мамлекетибизди ыйык сактап, рухий дөөлөттөрүбүздү, каада-салттарыбызды кийинки муундарга мурас катары өткөрүүбүз абзел.

Ар дайым өлкөбүздө өнүгүү, тынчтык, бейпилдик болсун.

Сиздерди терең урматтоо менен, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев