Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

21

Март

2024

10:55

КУТ ТОЛГОН НООРУЗ МАЙРАМЫ

КУТ ТОЛГОН НООРУЗ МАЙРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү МТРК "ЭлТР" менен биргеликте облустун аймагындагы жети райондун катышуусунда “Келечек” аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарада ар бир район тарабынан кыргыздын улуттук баалуулуктары болгон боз үйлөр тигилип, тушоо кесүү, кудалашуу, кыз узатуу, сөйкө салуу сыяктуу улуттук каада-салттарыбыз, эр эңиш, кур күрөш, ордо сыяктуу улуттук спорттук оюндарыбыз, салбуурунчулардын, саяпкерлердин, мүнүшкөрлүрдүн өнөрлөрү көрсөтүлдү.

​Бул майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов катышып облус башчысы Эльчибек Джантаевдин атынан жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктап бири-бирибизди урматтап, өз ара достукту чыңдап, мамлекетибизди ыйык сактап, рухий дөөлөттөрүбүздү, каада-салттарыбызды кийинки муундарга мурас катары өткөрүүбүз абзел экенин баса белгиледи. Нооруздун урматына бардык атуулдардын жүрөгүнө мээрим уялап, элибизге тынчтык, бейпил турмуш, ынтымак, өлкөбүздө өнүгүү, тынчтык, бейпилдик болушуна тилек кылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө” жана башка Жарлыктарынын алкагында бүгүнкүдөй улуу майрамдарды жалпы элдик майрам катары белгилөө көп улуттуу элибиздин улуттук баалуулуктарын даңазалап, ынтымагын бекемдеп, достугун чыңдоого, жаштарыбыздын туура тарбия алуусуна чоң өбөлгө түзөт.