Жыйынтыктар Министрлер Кабинетинин сайтында жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын аткарылышынын жыйынтыгын чыгарды.
Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын аткарылышынын деңгээлин баалоо методикасына ылайык жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү - “эң жакшы” деген баага ээ болду.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен салыштырганда Пландын аткарылышы 77%дан 79%га чейин жакшырган.
Кийинки баалоо 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ушул жылдын июль айында жүргүзүлөт.