Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

16

Март

2024

01:00

Биз баарыбыз бирдейбиз

Биз баарыбыз бирдейбиз

Ош шаарында “Биз баарыбыз бирдейбиз” аттуу Даун синдрому, майыптыгы бар балдарга арналган кайрымдуулук өнөктүгү өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, майыптыгы бар балдар жана ата-энелер катышты.

Облус жетекчисинин орун басары Талантбек Арстанкулов облус жетекчиси Эльчибек Джантаевдин атынан бул иш-чараны уюштуруп жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коргоого жана аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталган демилгелерди ар дайым колдоого даяр экенин баса белгиледи. Арстанкулов ошондой эле балдардын руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү облус бийлигинин артыкчылыктуу багыты экенине ишенимин билдирди.

Иш-чаранын алкагында оюн-зоок программасы жана концерттик программа уюштурулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектер берилди.

Кайрымдуулук акциясынын уюштуруучулары «Алтын Алакан» ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчисине терең ыраазычылыктарын билдиришип, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасын тапшырышты.