Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

13

Март

2024

01:00

“Коопсуз өлкө – туруктуу келечек”

“Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталыштагы форум өттү

Бүгүн, “Бабур” атындагы драма театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөөгө ашыруу максатында “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталыштагы форум болуп өттү.

Форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, Кыргыз Республикасынын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырберидиев, Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборунун директору Дарийкан Асилбекова, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Нурланбек Бурканов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, ички иштер органдарынын ардагерлери жана аймактардан келген аксакалдар катышышты.

Форумда Ош улуттук драм театрынын актерлорунун аткаруусунда “Тагдыр” аталышындагы сахналаштырылган пьеса тартууланды. Актерлор укук бузуулардын анын ичинде бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ара мамилелеринен улам келип чыккан зомбулук, аларга жол бербөө образдарын камтыган аракеттерди көрсөтүп беришти.

Соңунда тиешелүү резолюция кабыл алынып, ИИО менен тыгыз иш алып барган бийлик өкүлдөрүнө, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.