Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

12

Март

2024

02:00

Жарандарды кабыл алуу

Жарандарды кабыл алуу

Бүгүн жеке маселелер менен кайрылган Ош облусунун райондорунан келген жарандарды КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов кабыл алды.

Жыйынга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн профилдик бөлүмдөрдүн башчылары жана райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары онлайн катышты.

Кайрылган жарандар негизинен турак жайга жер участогу, жайыт, коммуналдык чарбалар (суу, жол ж.б.), МСЭК аркылуу пенсияга чыгуу, материалдык колдоо, социалдык көйгөйлүү маселелери менен кайрылышты.

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн профилдик бөлүмдөрүнө, РМА жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына чечүү тапшырмасы коюлуп жана ар бир маселе көзөмөлгө алына тургандыгы белгиленди.