Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

16

Февраль

2024

08:00

Ширин жана Элдардын жомогу

Ширин жана Элдардын жомогу

Ош облустук аялдар жана үй-бүлө боюнча коомдук кеңешинин жана “ЛИА” коомдук уюмунун демилгеси менен жаштарыбызды адептүүлүккө, эли-жерин сүйүүгө, достукка, улуттук дөөлөттөрүбүздү сактоого, жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо максатында Кыргыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”, “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарын турмушка ашыруунун алкагында Ч.Айтматовдун калемине таандык “Ширин жана Элдардын жомогу” аттуу спектакли жогорку деңгээлде даярдалып, элге тартууланды.

Бул демилге Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н.Джантаев тарабынан да колдоого алынып, каражат жагынан колдоо көрсөттү.

Спектаклди даярдоого С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын чыгармачыл жамааты, музыкалык мектептин окуучулары катышышты.

Спектаклдин бет ачарына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т.К.Арстанкулов, аппараттын кызматкерлери, облустук мекеме-уюмдардын кызматкерлери жана райондук аялдар кеңештеринин курамы, шайыр апалар топтору катышышты.

Талантбек Арстанкулов уюштуруучуларды спектаклдин бет ачары менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н.Джантаевдин атынан куттуктап, бул иш чара аркылуу жасалган эмгек КР Президентинин Жарлыктарын турмушка ашырууга кошкон зор салым катары жаштарыбызды ар тараптуу жакшы сапаттарга тарбиялап, жарандарга руханий азык тартуулап, маданий көрөңгөсүн жогорулатууда өзүнүн жакшы натыйжасын берерине ишеним билдирди жана “Ыраазычылык кат” тапшырды.