Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

07

Декабрь

2023

01:55

Өзбекстан Республикасынын Башкы консулдугу ачылды

Өзбекстан Республикасынын Башкы консулдугу ачылды

Бүгүн Өзбекстан Республикасынын Конституция күнүнө карата Кыргызстандын Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Башкы консулдугунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов жана Ош шаарындагы башка консулдук өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземинде Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев сөз сүйлөп, бул маанилүү окуя менен чын жүрөктөн куттуктап, консулдуктун ачылышынын маанилүүлүгүн жана достук мамилелерди чыңдоого жасалган кадам катары белгиледи.

Ошондой эле облус жетекчиси бул тарыхый күн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүүдө, ошондой эле элдерибиздин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадам экенин билдирип, Кыргызстанда мамлекеттик чек арадан өтүүдө жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Бул иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди тереңдетүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана Өзбекстан менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктү билдирет.