Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

20

Ноябрь

2023

01:00

Жаштардын жаңыча көз карашы

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Ош облусунун активдүү жаштары менен жолугушуп, эркин форматта ачык баарлашуу болуп өттү.

Эркин форматта өткөн жолугушууда жаштар ар кандай кызыктуу суроолорду берип, ага облус башчысы кубануу менен жооп айтып, тажрыйбасы жана билими менен бөлүштү. Мындан тышкары, жаштардын сунуштарын кунт коюп угуп, эске алууга даяр экендигин билдирди.

Эльчибек Джантаев жаштардын активдүү позициясын жана билим алуунун маанилүүлүгүн баалап, аларды өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана үзгүлтүксүз билим алууга үндөгөн китептерди белекке берди.

Мындан аркы жолугушуулардын мүмкүн болуучу этаптарын жана багыттарын талкуулап, облус башчысы колдоорун билдирип, коммуникациянын кийинки этабы боюнча конкреттүү идеяларды сунуштады.

Жаштар мындай маанилүү жолугушууга катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, келечектеги демилгелерге активдүү катышууга убада беришти. Алар өкүлдүн насаат сөздөрүн күнүмдүк турмушуна, билимине ишке ашыруу үчүн колдоонуу ниетин билдиришти.

Жыйынтыгында, облус башчысы жаштар-элдин ырыскысы, мамлекеттин тирөөчү, ишеничи экенин жана өлкөбүз заманбап билимге ээ, билимдүү, илимдүү, тарбиялуу, рухий чабыты кенен, креативдүү жаштарга таянып гана өнүгө аларын баса белгилеп, 10-ноябрь жаштар күнү жана 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнү менен куттуктап, Ардак грамота менен сыйлады.

Бул жолугушуу улуу муундар менен коомдун болочок лидерлеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана түшүнүүчүлүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, облустун бийлик өкүлдөрү менен жаштарынын конструктивдүү диалогун калыптандырууга олуттуу кадам болуп саналат.