Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

08

Ноябрь

2023

01:55

Заманбап жаңы имарат колдонууга берилди

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин заманбап жаңы имараты КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун катышуусунда колдонууга берилип, ачылыш салтанаты өткөрүлдү.

Салтанаттуу ачылуу аземге КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнист Толтоев, ОшМПУнун ректору Б.Зулуев, профессор Б.Нурунбетов, университеттин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов жогорку окуу жайлар өлкөбүздүн өсүп өнүгүүсүндө мыкты, кесипкөй адистерди даярдоодо өзгөчө орунду ээлей турганын белгилеп, мындай заманбап имараттар студенттер жана окутуучулар үчүн ыңгайлуу шарт жаратуу менен санарип доорунда мыкты билим алууга багыт боло тургандыгын айтып өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Джантаевдин атынан орун басары Эрнист Толтоев ОшМПУнун жамаатын жаңы имараттуу болуусу менен куттуктап, акжолтой имарат болуп, мыкты адистерди окутуусуна тилектештигин билдирди.

ОшМПУнун ректору Б.Зулуевге жигердүү иш аракеттери үчүн ыраазычылыгыбызды билдирип, жаңы окуу корпусунун курулушунда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамота берилди.