Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

08

Март

2024

09:55

8-март

Урматтуу айымдар, асылзат апалар жана ажарлуу эже-карындаштар!

Жадыраган жазды коштой кирип келген 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден чын дилимден куттуктайм.

Табият тартуулаган түгөнгүс мээрим менен көөнөргүс аруулуктун ээси болгон аялзат үй-бүлөнүн түмөн түйшүгүн эле эмес, жер жүзүндөгү бейпилдикти, тынчтыкты бекем кармап турат.

Эгемендүү мамлекетибизди түптөө, бекемдөө жаатында, мамлекеттик гендердик саясатты, улуттук программаларды турмушка ашырууга активдүү катышып, мамлекеттик жана үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү чечүүгө зор салымыңыздарды кошуу менен облустун түрдүү тармактарында эмгектенип жатканыңыздарга сыймыктанабыз жана ыраазычылык билдиребиз.

“Аял жылмайса — аалам жылмаят” дегендей, сиздер жан дүйнө сулуулугуңуздар менен ааламды багындырып, ар дайым аруу тилектериңиздер менен жакшылыкка үндөп, албан-албан иштерге шык-дем берип келесиздер.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалайм.

Сиздерди терең урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев.