Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

11

Ноябрь

2023

01:55

Рейд: Көмүрдүн баасын көзөмөлдөө

Рейд: Ош облусунда көмүрдүн баасын көзөмөлдөө

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевдин буйругунун негизинде көмүрдүн баасын көзөмөлдөө максатында текшерүү жүргүзүлдү.

Рейдке КР Президентинин Ош облусундагыыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы жана башка тиешелүү кызматтар катышты.

Рейддин жүрүшүндө ортомчулар аркылуу сатылып жаткан көмүрдүн баасы 7-8 сомго жогорулап кеткени аныкталды. Аталган сатуучуларга көмүрдүн баасын негизсиз кымбат сатпоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Ош облусунда 61 көмүр базасы түзүлгөн, анда көмүр ортомчуларсыз 5 сомго чейин баада сатылууда.

Ош облусунун тургундары жашаган жериңиздеги айыл өкмөт кызматкерлерине кайрылып, социалдык көмүр базалары тууралуу кененирээк маалымат алсаңыз болот.