Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

06

Март

2024

01:00

Соода-логистикалык борбор

Ош облусу: Ноокатка соода-логистикалык борбор курулуп, 4 миң жумуш орду түзүлөт

Күн мурун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен "Мармара Стоун" ЖЧКсынын ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюлду.

Келишим "Ош облусунун Ноокат районунда соода-логистикалык борборун куруу жана башкаруу" долбоорунун алкагында түзүлдү.

Долбоор заманбап соода-логистикалык борборду, анын ичинде соода жана оюн-зоок комплексин, тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларды чекене жана дүңүнөн сатуу үчүн соода борборлорун, кайра иштетүүчү цехтерди, кампаларды (муздаткычтар), женил жана жук ташуучу автоунаа үчүн токтотуучу жайларды курууну камтыйт.

Долбоордун күтүлгөн натыйжалары:

- Соода-логистикалык борбордун аймагында жабык соода жана оюн-зоок комплексинин болушу;

- азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды, буюмдарды, курулуш материалдарын, электр тиричилик приборлорун ж.б. чекене жана дүң сатуу боюнча соода базарынын болушу;

- мейманкана комплексинин (мейманкана, кафе жана коомдук тамактануу түйүндөрүнүн) болушу;

- колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына ылайык бутиктерди, медициналык жана дарыкана пункттарын, ажатканаларды ижарага алуу үчүн ар кандай жайлардын болушу;

- Соода-логистикалык борбордун аймагында сатуучулар жана керектөөчүлөр үчүн ыңгайлуу иштөө шарттарын түзүү;

- иштеп жаткан инженердик коммуникацияларга кошуу же жергиликтүү курулуштарды куруу жолу менен суу менен жабдууну жана канализацияны камсыздоону эске алуу менен заманбап инфраструктураны түзүү;

- санитардык, экологиялык нормалардын, сооданын жана коомдук тамактануунун эрежелеринин, эмгекти коргоонун, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана нормаларынын талаптарын сактоо менен сооданы камсыздоо;

- комплекстин аймагына кирүүчү жана чыгуучу жолдорду негизги транспорттук каттамдар менен ыңгайлуу байланыштыруучу транспорттук түйүн куруу жолу менен автобекеттин ишин уюштуруу;

- комплекстин бардык колдонуучулар үчүн ыңгайлуу паркингди камсыз кылуучу көптөгөн унаа токтотуучу жайлардын болушу;

- кубаттуу электр көмөкчордонун - трансформаторду монтаждоо жана калктуу пункттардан көз карандысыз электр берүү линиясын куруу.

- мечиттин болушу;

Белгиленгендей, долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 млрд сомдон ашык инвестиция тартуу, анын алкагында 4 миңден ашык жумушчу орундарын түзүү пландалууда.

МЖӨ борбору жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн экономикалык жана социалдык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ишин улантат.