Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

06

Март

2024

02:00

Туристтик зоналар

Эльчибек Джантаев: Туристтик зоналардын инфраструктурасын өнүктүрүү менен туруктуу туризмге жетише алабыз.

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) БУУӨПдун Администраторунун жардамчысы, Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюронун директору Ивана Живковичти кабыл алды.

Э.Н.Джантаев БУУӨПдун өкүлдөрүнө Ош облусунун өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылыкты билдирди.

Ал өз сөзүндө: “Экономиканы өнүктүрүүгө экологиялык, инклюзивдик жана санариптик мамилеге жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, климаттын өзгөрүшүнө каршы көрүлгөн чараларга жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча БУУӨП тарабынан аткарылган иштерди жакшы билебиз жана абдан баалайбыз”, -деди.

Атап айтсак, БУУӨП “Соодага жардам берүү” долбоордун алкагында нарк чынжырын өнүктүрүү үчүн 3 багытта иштеп жатышат: Кургатылган жемиштер, табигый бал, туризм. Бүгүн ушул долбоорунун жетишкендиктердин көргөзмөсү өткөрүлдү.

Ошондой эле, Э.Н.Джантаев Памир-Алайдын туристтик зонасында инфраструктураны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү сунушун берди. Атактуу Ленин чокусу (деңиз деңгээлинен 7134 м бийиктикте) көптөгөн өлкөлөрдөн миңдеген туристтерди өзүнө тартып турат, бирок тилекке каршы, ал аймактагы инфраструктура жетиштүү деңгээлде өнүккөн эмес. Биргелешкен аракеттерди жасасак, туруктуу туризмге жетише алабыз, бул жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарын түзүүгө, элдин бакубаттуулугун жогорулатууга, зыяратчылар менен болгон мамиленин маданиятын өзгөртүүгө, туризмдин коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.