Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

05

Март

2024

01:00

“Кун кармаган бала” жана “Ак кеме” спектакли

Ак калпак майрамында “Кун кармаган бала” жана “Ак кеме” спектаклин аткаруучулары сыйланды

К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театры Ош жергесине болгон чыгармачылык сапарынын алкагында “Кун кармаган бала” жана “Ак кеме” спектаклин тартуулашты.

Облус башчысы Эльчибек Джантаев Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен атайын искусство дүйнөсун жогорку деңгээлге чыгарыш үчун тапшырмалар берилгенин, ага ылайык маданий иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, алардын катарында театрлар жанданып, мурдагыдай гастроль менен аймактарды кыдыруу жанданганын, бул демилге театрлар арасында алаканы бекемдеп, элдин руханий азык алуусуна өбөлгө болорун баса белгиледи.

Сапаттуу спектаклдерди жаратууга кошкон чыгармачылык салымы үчүн облус жетекчиси Ардак грамоталарды жана акчалай белектерди тапшырды. Ошондой эле жалпы театрдагы эркек жамаатын бүгүнкү Ак калпак күнү менен куттуктап, ак калпак кийгизип, Ош тургундарынын атынан ыраазычылык билдирди.

Театр жамааты оштуктардын меймандостугуна, көрүүчүлөрдүн сый-урматына, колдоосуна, ошондой эле көңүл буруп, ар тараптан жардам берген облус жетекчисине ыраазычылыктарын билдиришти.

“Күн кармаган бала”: “Үлгүлүү, астыңкы” делген айылдын социалдык турмушу чагылдырылат: төрөгөн баласын ажатканага таштагандан айбыкпаган аял, жан-дүйнө деградациясына учураган, аракка тоюп алган аракечтер, маңкуртчулук, пейилдин бузулушу бүгүнкү мезгилдин да ачуу реалдуулугу экендигин берип турган терең жана көп маанилүү спектакль.