Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

09

Февраль

2024

02:00

Алгачкы жазгы талаа иштери башталды

Алгачкы жазгы талаа иштери башталды

Бүгүн, 9-февралда КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Араван районуна иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында райондогу алгачкы жазгы талаа иштеринин башталышы менен таанышып, картошка, капуста отургузуу иштерине катышып, дыйкандар менен жолугушууларды өткөрүп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Ош облусунун башчысы дыйкандардын көңүлүн быйылкы сезондо органикалык жер семирткичтерди колдонуунун маанилүүлүгүнө буруп, ар тараптуу колдоо болоорун билдирди. Дыйкандарга ар кандай маселеде жергиликтүү бийлик менен дайыма байланышып турууга, ошондой эле ирригация жана айыл чарба процессинин башка аспектилери боюнча активдүү кызматташууга чакырды.

«Араван районунда жазгы талаа жумуштарынын башталышы - өлкөбүздө сезонго жасалган алгачкы кадам. Биз дыйкандарга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жигердүү иш алып баруудабыз жана мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле алардын түшүмүн сатууга жана экспорттоого, суугат суу менен өз убагында камсыздоого болгон аракеттер көрүлөт», - деп белгиледи Эльчибек Джантаев.

Мындан тышкары, иш сапарынын алкагында райондогу ирригациялык системалардын даярдыгы, арыктарды, каналдарды тазалоо иштери менен таанышып, буга чейинки берилген тапшырмалардын аткарылышын да текшерди.

Иш сапардын соңунда Эльчибек Джантаев жергиликтүү эл менен биргеликте картошка эгип, тургундардын көйгөйлөрүн угуп, жергиликтүү бийликке тиешелүү тапшырмаларды берди.

Жергиликтүү аксакалдар жазгы талаа иштеринин башталышына катышкандарга жана жалпы өлкөбүзгө жана бардык дыйкандарга быйылкы сезондун ийгиликтүү аякташына ак батасын беришти.