Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

13

Февраль

2024

02:00

Араван району: Кошумча жаңы имарат ачылды

Араван району: Кошумча жаңы имарат ачылды

Араван районундагы Нур-Абад айыл аймагынын Кайрагач-Арык айылындагы №6 Зухрахан Розахунова атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын ачылыш аземи болду.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов , Араван райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Сейтек Кулубаев , Ош облустук өнүктүрүү фондунун жетекчиси Жанузак Сарытаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана айыл аксакалдары катышышты.

Талантбек Арстанкулов облус жетекчиси Эльчибек Джантаевдин куттуктоо сөзүн айтып, билим берүүнүн келечекке тийгизген маанисине токтолуп, учурда билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи.

Имараттын жалпы сметалык баасы 21 млн сом болуп, анын ичинен: Ош облустук өнүктүрүү фонду 7 млн, Нур-Абад айыл өкмөтү 3 млн, демөөрчүлөр 11 млн сом каржыланып, “Нефридстрой” ЖЧК курулуш компаниясы тарабынан куруп бүткөрүлдү.