Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

13

Февраль

2024

02:00

Жарандарды кабыл алуу

Жарандарды кабыл алуу

Бүгүн, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шайлообек Козубаев Ош облусунун райондорунан жеке суроолору менен келген жарандарды кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн профилдик бөлүмдөрүнүн башчылары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу акысыз юридикалык консультациялык кызматтын адистери оффлайн режиминде , райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары чогулушка онлайн катышты.

Кайрылган жарандар негизинен жер, жайыт, суу, жол ж.б турак жай алуу, материалдык жардам жана социалдык маселелер менен кайрылышты.

Белгиленгендей, ар бир көйгөйдү чечүү жагы КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн тиешелүү бөлүмдөрүнө, РМАнын жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине тапшырылды.