Пахта өндүрүү кластерин түзүү маселеси талкууланды
Бүгүн, 16-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шайлообек Козубаев, Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров Ош жана Жалал-Абад облустарынын пахта өстүрүүчүлөрү, пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Аталган жолугушууда эки облустун пахта өстүрүүчүлөрү, пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрү Эл аралык донордук уюмдардын/каржылык институттардын өкүлдөрү менен өз ара пикир алышып, тажрыйба алмашышты.
Иш-чараны уюштуруунун негизги максаты - туруктуу пахта өндүрүү кластерин тузүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу, пахта өндүрүүчүлөргө жеткиликтүү каржы булактарын сунуштоо жана пахта өндүрүүчүлөр менен каржы институттарынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого багытталган.
Аталган иш чара пахта өндүрүүчүлөр ассоциация өкүлдөрүнүн сунушу менен Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министрлиги тарабынан демилгеленип өткөрүлдү.