Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

15

Февраль

2024

09:55

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Советтик Армиянын Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы белгиленип, Ооган согушунда курман болгондор эскерилип, эстелигине гүл чамбар коюлуп, куран окулду.

Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Афган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Актан Эралиев, Ош шаардык кеңешинин депутаты Болот Баетов жана Афган согушунун интернационалист жоокерлери, афган жеринде курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, шаардын коомчулугу, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери катышты.

Өкүлдүн орун басары Ооган согушунда курман болгондордун эрдиктери түбөлүк элдин эсинде экенин жана азыркы күндө облусубуздун аймагында 1016 Ооган согушунун ардагерине мамлекет тарабынан каралган жеңилдиктер өз учурунда берилип келе жаткандыгын баса белгилеп, ардагерлерге куттуктоо сөздөрүн айтты.

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы облустун баардык райондорунда белгиленди.