Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

05

Март

2024

09:55

Ак калпак кийгендерди көрсөң, Кыргыз деп бил!

Ак калпак кийгендерди көрсөң, Кыргыз деп бил!

Облус башчысы Эльчибек Джантаев бүгүн, аппарат кызматкерлерди жана жалпы кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады.

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн – куттуу элибиздин руханий жактан өнүгүшүнө, баалуулуктарыбыз баштаган бай маданий мурастарыбызды жайылтууга салым кошом деген жарандардын, мамлекетибиздин өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана эртеңки келечегине кайдыгер карабаган мекендештерибиздин башын кошо турган өзгөчө күн!

Кыргыздын улуттук кийимдери — элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Тарыхый узак мезгилде көчмөн маданиятыбыздын үлгүсү болуп, муундан муунга таберик болуп сакталып келет. Ак калпактын баалуулугун сыймыктануу менен дүйнө жүзүнө даңктап, келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүүгө баарыбыз милдеттүүбүз.

Улуттук баш кийимибиз — Ак калпак кыргыз баласынын башынан түшпөсүн. Улуттук кийимдерибиз улуттун улуулугун сактап, элибизден ыйман, пейил, ар намыс кетпесин. Байыркы нарк насилибиз, улуттук көркөм дөөлөттөрүбүз сакталып, кыраакы кыргыз дүйнөсүн ааламга тааныта беришине тилектешмин.