Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

10

Ноябрь

2023

10:00

«Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө» карата жолугушуу

10-ноябрь «Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө» карата жолугушуу уюштурулду.

КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери менен жолугушуу уюштурулду. Алгач КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Толтоев Эрнис Мукашбекович, ыйгарым укуктуу өкүл Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин атынан студенттерди майрамдары менен куттуктап өттү.

Ага улай КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат башчысы Самидин уулу Сабырбек студент жаштарды майрамдары менен куттуктап, Толтоев Эрнис Мукашбекович: «Өлкөбүздүн келечеги-билимдүү жаштардын колунда» деген ураандын астында кайрылуу жасап, студент жаштарды татыктуу билим алууга, ата энелеринин үмүттөрүн актоого, татыктуу тарбия билим берип келе жаткан мугалимдерди сыйлоого, ошону менен биргеликте кошумча бош убакыттарын туура пайдаланууга, көп китеп окууга, коомдук иш чараларга активдүү катышууга, өлкөбүздүн жигердүү жана мекенчил жарандары болууга чакырып өттү. Алгачкы студенттик күндөрдөн тартып жогорудагы максаттарыбыз менен алдыга аракет жасап келгендиктен, Жаратканым буйруп КРнын Президенттик «Үмүт» атындагы стпендиясына жетишүү насип этти. Албетте көптөгөн башка тармактарда ийгиликтерге жетишип келе жатканыбыз, окуучулук жана студенттик күндөрдөгү талыкпас аракеттерибиздин жыйындысы десем жаңылышпасмын деген сөздөрдү айтып өттү.

Ушундай эле таризде Самидин уулу Сабырбек дагы жолугушуунун катышуучуларына кайрылуу жасап, ар дайым көп изденүүгө, адамдар менен мамиле түзүүнү өздөштүрүүгө, өздөрүнүн алсыз жактарынын үстүнөн иштөөгө чакырып, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө практикага, стажировкага чыгууну каалагандар болсо, кабыл алууга даяр экендигин белгилеп кетти. 10-ноябрь «Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө» карата уюштурулган жолугушуу кызыктуу уланып, студент жаштар тиешелүү суроолорду беришип, алгылыктуу жоопторду ала алышты.

Жолугушууга активдүү катышып, мыкты суроолорду-сунуштарды берген студенттерге Эрнис Толтоев жана Самидин уулу Сабырбектер китептерди белекке тапшырышты.

Экинчи бөлүгүндө КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына экскурсия уюштурулду.

10-ноябрь «Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө» карата уюштурулган жолугушуу жана саякат жакшы деңгээлде өткөрүлүп, келечектеги адис ээлерине түрткү берерине, алдыга болгон чоң үмүттөр пайда болгондугун катышуучулар айтып өтүштү.

Жолугушуунун уюштуруучусу Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин атынан Сагын Базарбаевич Ош облусубузда жана Ош шаарыбызда чоң өзгөрүүлөр болуп жаткандыгына токтолуп, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Эльчибек Нуржадыевич баштаган жамаатка, майрамдык жолугушуу үчүн Толтоев Эрнис Мукашбековичке, аппарат башчысы Самидин уулу Сабырбектерге, өкүлчүлүктүн массалык маалымат кызматына кызыктуу экскурсия уюштуруп бергендиги үчүн баардык тиешелүү жетекчилерге ыраазычылык билдирип өттү.

Иш-чара Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Эл аралык байланыштар,инновация ж-а инвестиция боюнча ишмердүүлүгүнүн "Интеллектуалдар" борбору тарабынан уюштурулду.