Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

01

Март

2024

07:00

Жасалма интеллект (AI)

Эльчибек Джантаев: Жасалма интеллект (AI) келечекте жумуш процесстерин көптөгөн аспектилерин өзгөртүү үчүн зор потенциалга ээ

Облус жетекчиси Эльчибек Джантаевдин демилгеси менен КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлерине жасалма интеллект тууралуу маалымат алуу жана аны колдоонун ыкмаларын изилдөө максатында семинар өткөрүлдү.

Жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен мурда көп убакытты талап кылган иш процессин заматта бүтүрүп, инновациянын жаңы перспективаларын ачуу мүмүкүн экенин жана мамлекеттик органдардын ишинде жасалма интеллект технологияларын колдоону менен ишин жеңилдетип, натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берери көрсөтүлдү.

Семинарда жасалма интеллектти (АИ) колдонуу жана аны колдоонун ыкмаларын өздөштүрүү маселелерине өзгөчө басым жасалды.

Катышуучулар бул тармактагы белгилүү эксперттердин негизги баяндамалары окулуп, алар AI изилдөөлөрүнүн учурдагы абалы жана анын келечектеги кесепеттери тууралуу өз ойлорун ортого салышты.

Заманбап талаптарга ыңгайлашуунун алкагында жасалма интеллектти колдонуунун терең аспектилерине окутуу улантылат, бул адамдын эмгегин жөнөкөйлөтүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.