Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

27

Февраль

2024

07:00

Ак таңдай акындардын айтышы

Ак таңдай акындардын айтышы

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп- ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”, “Улуттук нарк жөнүндө” , “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыктарынын алкагында улуттук дөөлөттөрүбүздү даңазалоо, элибиздин ынтымагын бекемдөө, жаштарыбызды адептүүлүккө, эли-жерин сүйүүгө тарбиялоо максатында Кыргыз Улуттук “Манас” театры тарабынан “Андай эмес” аталышындагы айтыш концерти Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрында болуп өттү.

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевдин атынан орун басары Талантбек Арстанкулов куттуктоо сөзүн сүйлөп, акындарга облус башчысынын атынан ыраазычылык кат, Ардак грамота жана белектерди тапшырды.

Бул иш-чара Кыргызстандын маданий байлыгын даңазалоо менен гана чектелбестен, улуттук мурастарыбызды сактоонун жана улуттук дөөлөттөрүбүздү даңазалоо маанилүүлүгүн көрсөтүп, бардык жарандарды биримдикке жана өз өлкөсү менен сыймыктанууга шыктандырат.

Жаштарыбызды адептүүлүккө, эли-жерин сүйүүгө тарбиялоо максатында «Андай эмес» айтыш концерти облустун бардык райондорунда өткөрүлөт.