Бир айыл – бир продукт
Ош облусунда “Бир айыл – бир продукт” долбоорун ишке ашыруу боюнча Бренд Комитеттинин курамынын жыйыны болуп өттү.
Иш-чаранын максаты: Долбоордун жетишкендиктери жана учурда абалы жөнүндө
жана “Бир айыл – бир продукт” долбоорун Бренд комитеттерине сунушталган продукцияларды көрсөтүү жана баалоо.
Жалпысы Ош облусу боюнча 10 долбоор каралып, продукцияларына баалар берилип, жыйынтыгында тиешелүү бал алган 10 ишкерге сертификаттар тапшырылды.
Облус башчысынын биринчи орун басары Шайлообек Козубаев белгилегендей жергиликтүү ишкерлерге шарт түзүү, алар өндүргөн продукцияларын экспорттоо жана арзан пайыз кредиттер менен камсыздоо иштери мындан ары да күчтөндүрүлөт.
“Бир айыл - бир продукт» долбоору 2007-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлиги жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен ишке ашырылып келе жатат.