Акындар Ош жергесинде: 7 дубандын акындары 7 районду кыдырат
Өткөн тарыхыбызды урматтап улуттук дөөлөттөрүбүздү даңазалоо, элибиздин ынтымагын бекемдөө, жаштарыбызды адептүүлүккө, эли-жерин сүйүүгө тарбиялоо максатында Кыргыз Улуттук “Манас” театры тарабынан “Андай эмес” аталышындагы айтыш-концерти Ош жергесинде элге тартууланат.
27-февраль саат 18.00дө
Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрында
28-февраль саат 18.00дө
Т.Эшбаев атындагы Кара-Суу райондук маданият үйүндө
29-февраль саат 15.00дө
Араван райондук маданият үйүндө
1-март саат 14.00дө
Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык маданият үйүндө
2-март саат 18.00 дө
С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында
4-март саат 12.00 дө
Өзгөн райондук маданият үйүндө
4-март саат 18.00 дө
Кара-Кулжа райондук маданият үйүндө
5-март саат 18.00 дө
Алай райондук маданият үйүндө
6-март саат 13.00 дө
Чоң-Алай райондук маданият үйүндө
Билет баасы- Ош шаарындагы театрларда -500 сом, райондук маданият үйлөрүндө- 250 сом, билеттер театрлардын жана маданият үйлөрүнүн кассаларында сатылып жатат.
Келип көңүл ачып кетиңиздер!