Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

23

Февраль

2024

09:55

Урматтуу Ош облусунун тургундары! Кымбаттуу мекендештер

Урматтуу Ош облусунун тургундары! Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди Мекен коргоочулар күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы. Бул майрамды өлкөбүздүн бардык муундарынын башын бириктирип, салт болуп калгандай эле аскер кызматкерлери гана эмес, көкүрөгүндө Мекен деген аруу сезим жашаган жамы журтубуз жалпы өлкө боюнча белгилешет.

Ушул күнү биз санжыралуу тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылып, жүрөгүбүздө терең сакталып келген ата-бабаларыбыздын эрдиктерине терең таазим этебиз. Өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган каармандарыбызды урматтайбыз. Болочок Мекен коргоочуларга — өсүп келе жаткан жаштарыбызга зор үмүт артабыз.

Аскер кызматы дайыма мамлекеттин тиреги жана ата-бабаларыбыздын мыкты салттарын улап кетүүнүн жакшы көрүнүшү болуп келген.

Соңку жылдары өлкө башчыбыздын демилгеси менен күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатуу, аскердик техника менен курал-жарактын жаңы түрлөрүн алуу, ошондой эле аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалын жакшыртуу иштери кызуу жүрүп, өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Мына ушундан улам өлкөбүздүн жаштары арасында аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатканы байкалат.

Уюткулуу элибиздин биримдиги, ынтымагы жана мекенчилдиги, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгы ар кандай тышкы коркунучтарга каршы туруп, жарандарыбыздын жаратман эмгегин жана өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактайт деп ишенебиз.

Урматтуу Мекен коргоочулар жана ардагерлер!

Жалпы Мекен коргоочуларды бүгүнкү майрамы менен дагы бир жолу куттуктайм.

Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, бийик дем-күч жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм.

Жергебизде ар дайым тынчтык жана бакубатчылык болсун!

Терең урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев