Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

22

Февраль

2024

02:00

Коопсуздук жана ирээтке келтирүү:

Коопсуздук жана ирээтке келтирүү: Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана Ош облусунда жалпы соода базарларын жөнгө салуу.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында Ош облусунун райондук мамлекеттитк администрация башчылары-акимдер, облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын баардык мүчөлөрүнүн катышуусунда атайын жыйын болуп өттү.

Күн тартибинде “Ош облустун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, кесепеттерин жоюу жана өзгөчө кырдаалдарга дайыма даярдыкта туруу жөнүндө” жана “Ош облусунун аймагында жалпы соода базарларын ирээтке келтирүү боюнча” маселелери каралды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу З.Э.Эрмаматов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.А.Абыкеев, Суу чарба башкармалыгынын башчысы Р.А. Абибиллаев, Ош электр тармактары ишканасынын директору Э.К.Ысмановдор баяндама жасашты жана облустун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, кесепеттерин жоюу жана облустун аймагындагы жылда кар эригенде пайда боло турган кырдаалдарды алдын алып, болтурбоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлерине бул багытта да бирдиктүү иш-чараларды алып барууга сунуштарына өзгөчө көңүл бууруну сунушталды.

✅ Жыйындын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жыйындын катышуучуларына протоколдук тапшырмаларды берип, аларды кынтыксыз аткарууну милдеттендирди:

➡️ Жазында кар эригенде пайда боло турган кырдаалдардын алдын алуу жана арык, каналдарды тазалоо.

➡️ Суу каптоо коркунучу бар аймактарга мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу чараларын көрүү.

➡️ Кар көп түшкөн аймактарда кар көчкү коркунучу бар жерлерди аныктоо жана алдын алуу, ошондой эле жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

➡️ Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда көчкү жүрүүчү аймактарга мониторинг жүргүзүү жана керектүү техникалар менен камсыздоо.

➡️ Кооптуу деп эсептелген аймактарда жашаган тургундарды көчүрүү жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү.

✅ Ош облусунун аймагында жалпы соода базарларын ирээтке келтирүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө милдеттер:

➡️ Ош облусунун аймагында жалпы соода базарларын ирээтке келтирүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу.

➡️ Базарлардын архитектуралык нормаларга шайкештигин тыкыр текшерип, мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу.

➡️ Санитардык, эпидемиологиялык жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө.

➡️ Өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышын текшерүү.

➡️ Базарларда электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү көзөмөлдөө жана электр чубалгыларынын техникалык коопсуздугун камсыздоо.

➡️ Жүк ташуучу жана жеке менчик автотранспорт үчүн жабдылган унаа токтотуучу жайларды ирээтке келтирүү.