Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

20

Февраль

2024

02:00

Жарандарды кабыл алуу

Жарандарды кабыл алуу

Облус жетекчиси Эльчибек Джантаев жеке маселелер менен кайрылган Ош облусунун райондорунан келген жарандарды кабыл алды.

Кабыл алууга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн профилдик бөлүмдөрдүн башчылары, КР Юстиция министрлигинин алдындагы акысыз юридикалык кеңеш берүү кызматынын адистери оффлайн, райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары онлайн катышты.

Кайрылган жарандар негизинен турак жайга жер участогу, жайыт, коммуналдык чарбалар (суу, жол ж.б.), МСЭК аркылуу пенсияга чыгуу, материалдык колдоо, социалдык көйгөйлүү маселелери менен кайрылышты.

Ар бир көйгөй КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жеке көзөмөлүндө болот жана тийиштүү бөлүмдөрүнүн кароосуна, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына чечүү тапшырмасы берилди.