Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

20

Февраль

2024

09:55

Инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу

Инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ильяз Ташбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев менен жолугушту.

Бул жолугушууда КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы аймактык инвестициялык кеңештин кызматташуусу жана ишин активдештирүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле, Ош облусуна инвестицияларды тартууга багытталган алдыда боло турган иш-чаралар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, бизнес өкүлдөрү үчүн социалдык өнүгүү принциптерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча окуу иш-чараларын өткөрүү үчүн инвестициялык кеңештердин өз ара аракеттенүүсүнүн практикалык механизмдери жана коомчулук, жеке өнөктөштүк, жашыл экономика, жеке секторду өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары талкууланды.

Тараптар талкууланган бардык маселелер боюнча тыгыз жана ыкчам кызматташууга, ошондой эле кызматташуу механизмдерин иш жүзүндө ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.