Акылбек Жапаров: 2,5 жылда 200гө жакын жаңы мектеп курулду
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу районунун Зарбалик айылындагы мектептин ачылыш аземине катышты.
Мектеп 375 орунга эсептелген, мектептин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен 148,5 млн сом бөлүнгөн.
Минкаб башчысы Акылбек Жапаров окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, балдарга сапаттуу билим берүү үчүн шарттарды түзүү өлкө өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.