Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

09

Февраль

2024

01:00

Ноокат району: 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Ноокат району: 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Арал айылында А.Усенбаева атындагы орто мектептин ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жана ЖК депутаты, район жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.

“Жаңы мектептин ачылышы облусубуз үчүн маанилүү кадам. Билим берүү коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт.

Өлкө башчыбыздын колдоосунун аркасында 100 мектептин 30 мектеби Ош облусунда курулду. Балдарыбыздын билим алуусу жана өсүп-өнүгүшүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, билимге өзгөчө көңүл бурулуп, аймактарда көптөгөн жаңы мектептер ачылып жатат.

Билим берүүнү эң жогорку деңгээлге көтөрүү жана келечектеги ийгиликтүү жаранды калыптандыруу үчүн мындан ары да жумуштар күчөтүлүп, быйыл дагы облуста 24 жаңы мектептин курулуш иштери жүргүзүлөт.

Жаңы мектептин жамаатына жана ушул жерден билим жолун басып өтүүчү окуучуларга ийгиликтерди каалайм»,-деди облус башчысы Эльчибек Джантаев

А.Усенбаева атындагы орто мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоордук-сметалык документациясы “АСК Система” ЖЧКсы тарабынан даярдалган.

Сметалык наркы 144 944,57 миң сом, жалпы чыгымдары менен тендердик баасы 118 195,67 миң сомду түзөт.

Бүгүнкү күндө окуу корпусунун, спорт зал, отказандык курулуш жумуштары 100% аткарылган.

• Объектинин жалпы аянты – 1242 м2

• Пайдалануучу аянты – 1575 м2

• Актовый зал 90 орундуу

• Отказандын көлөмү 170 кВт