Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

03

Ноябрь

2023

02:00

Кесиптик техникалык билим берүү маселеси аппараттык кең

 

Кесиптик техникалык билим берүү маселеси аппараттык кеңешмеде каралды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын II-жарым жылдыгына карата түзүлгөн иш-планына ылайык, “Кесиптик лицейлердин окуу-тарбия процессинин жүрүшү, материалдык-техникалык базасынын чыңдалышы жана тиешелүү мамлекеттик органдардан келген буйрук, токтомдордун аткарылышынын абалы жөнүндө” маселе КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттык кеңешмесинде каралды.

Аппараттык кенешме Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоевдин жетекчилигинде өткөрүлүп, Ош облусунун аймагындагы райондордун мамлекеттик администрация башчылары – акимдердин орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, кесиптик лицейдин жетекчилери, лицей жайгашкан айыл өкмөт башчылары онлайн форматта катышышты.

Өнүгүүнүн рынок шарттарында, атаандаштыкка жөндөмдүү дасыккан жумушчу кадрларды даярдап берүү багытында ишмердүүлүк жүргүзүп жатышкан кесиптик техникалык лицейлердин аткарылып жаткан жумуштарына мониторинг жасалып, учурдагы абалына баа берилип, келечек пландары талкууланды. Ошондой эле, кеңешмеде кесиптик техникалык лицейлерде бир топ мезгилден бери орун алып келген көйгөйлөрдү чечүү, материалдык техникалык базаны кеңейтүү, окуу-тарбия процессинин жүрүшүн жакшыртуу жаатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен кызматташуу маселелери боюнча чечимдер кабыл алынды.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н.Джантаевдин атынан өкүлдүн орун басары Э.Толтоев кесиптик билим берүү тутумун жакшыртуу, жарандардын кесип ээси болуусуна шарттоо жана кесиптик техникалык лицейлердин толук финансылык, чарбалык көз карандысыздыгына жетишүү жана мекемеде өндүрүштүк базаны жандандырууну колго алуу мезгилдин талабы экендигин айтып, ушул багытта биргеликте комплекстүү иш-аракеттерди жасоого чакырып өттү.

Маалымат үчүн: Ош облусунун аймагында 10 кесиптик лицейлер ишмердүүлүк жүргүзүп, ар кандай багытта (айдоочу, тигүүчү, фермер, слесарь, курулушчу, ашпозчу, электро монтер ж.б.) кесиптик билим беришет.