Размер шрифта

Изображения

Цвета сайта

Синтез речи

Настройки

Межбуквенное расстояние

Межстрочный интервал

Шрифт

Башкы бет Жаңылыктар
Туристтер үчүн Байланыштар

03

Ноябрь

2023

10:55

ЖМК өкүлдөрү сыйланды

Ош облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, маалыматтарды тез убагында сапаттуу чагылдыруудагы жигердүү эмгектери үчүн маалымат жана басма сөз күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев ЖМК өкүлдөрүн куттуктады.

Дүйнө жүзүндө коомдук пикир жаратып, элди туура нукка буруунун башкы куралы бул – жалпыга маалымдоо каражаттары экенин жана Ош облусундагы саясий, социалдык-экономикалык маанилүү окуяларды ыкчам, так, ынанымдуу жана калыс жеткирүү милдети басма сөз кызматкерлеринин кесипкөйлүгү менен тыгыз байланышта экенин баса белгилеп, элибиздин маданиятын, улуттук баалуулуктарын даңазалаган, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган жаңылыктарды чагылдырууда эмгектерин баалап ардак грамота менен сыйлады.

Элибиздин маданиятын, улуттук баалуулуктарын даңазалаган, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган жаңылыктар арбый берсин.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык изденүү жана жаратмандык каалайбыз!