Усенов Абас Халилович 1976-жылдын 26-майында Чүй облусунун Калинин районуна караштуу Кайыңды шаар тибиндеги кыштакта туулган.
Жогорку билимдүү.
1993-1997-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин “Агроинженерия” багыты боюнча бакалавр калификациясына ээ болгон.
1998-2000-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин “Юриспруденция” адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу
Эмгек ишмердүүлүгүн 1998-жылы жеке сектордо менеджер кызматынан баштап, башкы менеджер, башкы директордун орун басары кызматтарын аркалаган.
2005-2012-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы;
2012-2017-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – акимдин биринчи орун басары;
2017-2021-жылдары “Атабек КА” жоопкерчилиги чектелген коомунда директордун орун басары;
2021-жылдын июль – декабрь айлары Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
2022-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты;
2023-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысы;
2025-жылдын 18-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп эмгектенүүдө.