Ташбаев Илияз Азизбекович 1983-жылдын 12-октябрында Ош облусунун Ноокат районунун Эски-Ноокат айылында туулган.
Жогорку билимдүү.
2004-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин “Саясат таануу” боюнча бакалавр квалификациясын алган. 2006-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин “Эл аралык мамилелер” боюнча адис, 2014-жылы Япониянын Токио шаарындагы Мейджи университетинде “Башкаруу” магистр даражасын алган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Эмгек жолу:
Эмгек ишмердүүлүгүн 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, соода жана туризм министрлигинин Тышкы экономикалык байланыштар башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүндө адистин милдетин аткаруучу болуп баштап, адис, Альпинистик жана туристтик аймактарды мониторинг жүргүзүү бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматтарын аркалаган.
2007-2009-жылдары Ош технологиялык университетинин инвестициялар, гранттар жана тышкы байланыштар департаментинде менеджер;
2009-жылдын сентябрь-ноябрь айларында Ош облустук мамлекеттик администрациясынын экономикалык өнүгүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмүндө башкы адис;
2009-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүндө эксперт;
2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Финансы-экономикалык талдоо, контролдоо жана болжолдоо бөлүмүндө бөлүм башчы, Мамлекеттик ишканалар менен иштөө башкармалыгында башкы адис жана Уюштуруу, кадр жана эл аралык кызматташтык башкармалыгында начальник;
2017-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда стат-катчы:
2021-2022-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында директордун орун басары;
2023-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин уюштуруу башкармалыгында начальник;
2024-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
2025-жылдын 6-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп эмгектенүүдө.