Туулган жери: Ош облусу, Алай району, Жибек-Жолу (мурдагы Ленин) айыл аймагына караштуу Мурдаш айылы.
Билими:
2002-жыл: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган (адистиги — юриспруденция).
2003-жыл: Ошол эле университеттин магистратурасын аяктап, юриспруденция магистри даражасын алган.
Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:
2005–2015-жылдар: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн.
Коомдук жана саясий ишмердүүлүк: «Ыйык Жол» коомдук кайрымдуулук фондунун, «Эл аралык жаштар ассамблеясы» уюмунун жана «Юрдикт» юридикалык компаниясынын негиздөөчүсү.
2017, 2020, 2021-жылдары: Президенттик шайлоолордо талапкерлердин шайлоо штабдарын жетектеген.
2026-жылдын 31-марты: Министрлер Кабинетинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалган.