Кенжебаев Аманкан Батырбекович

Кенжебаев Аманкан Батырбекович

Кенжебаев Аманкан Батырбекович

Кызматы:

Ыйгарым укуктуу өкүл

Эмгек ишмердүүлүгү

Кенжебаев Аманкан Батырбекович 1967-жылдын 24-августунда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылында туулган. 

Жогорку билимдүү. 2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Финансы жана кредит» адистигин бүтүргөн. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси наамына ээ. 

Эмгек жолу:

Эмгек ишмердүүлүгүн 1987–1990-жылдары СССРдин Куралдуу күчтөрүндө мөөнөттүү аскер кызматынан баштаган. Аскер-деңиз флотунда старшина кызматын аткарган.

1999-жылдан тартып эмгек жолун экономика, курулуш жана башкаруу тармактарында улантып, төмөнкү кызматтарды ээлеген. «Бишкек» Эркин экономикалык зонасында контролёр, нөөмөттүн жетекчиси. Эркин экономикалык зонадагы көмөкчү чарбаларда башчынын орун басары. Курулуш жана механизация бөлүмүнүн башчысы. «Арпа» ЖЧКсынын директору. «Курулуш» ЖЧКсынын башкы директору. «Баден» ЖЧКсынын башкы директору. «Бишкек» Эркин экономикалык зонасынын башкы директорунун орун басары.

2012–2021-жылдары мамлекеттик башкаруу тармагында иштеп, бир катар райондордо аким жана акимдин милдетин аткаруучу болуп эмгектенген:

2013–2017-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун акими:

2020–2021-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун акими:

2021-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими: 

2021-жылдын 29-декабрында №24 Сокулук бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты:

2022-жылдын 12-январынан Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы:

2025-жылдын 3-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенүүдө.