Джантаев Эльчибек Нуржадыевич

Джантаев Эльчибек Нуржадыевич

Джантаев Эльчибек Нуржадыевич

Кызматы:

Ыйгарым укуктуу өкүл

Эмгек ишмердүүлүгү

1973-жылы 8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылында туулган.

Билими: жогорку. 2011-жылы академик Ж. Алышбаев атындагы Ысык-Көл кооперациялык институтун бүтүргөн, адистиги – Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит. 

Класстык чени: муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси

Эмгек жолу:

2023-жылдын 13-апрелинен тартып – Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

15.11.2021 – 13.04.2023-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору 

11.05.2021 – 15.11.2021-ж.ж. Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору

30.10.2020 – 11.05.2021-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  

29.07.2020 – 30.10.2020-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары  

09.02.2018 – 29.07.2020-ж.ж. Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими 

16.04.2014 – 09.02.2018 -ж.ж. Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин биринчи орун басары

23.01.2013 – 16.04.2014-ж.ж. Ак-Суу районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын президиумунун төрагасы 

20.01.2009 – 05.11.2012-ж.ж. Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы 

01.08.2003 – 20.01.2009-ж.ж. Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы 

20.12.2002 – 01.08.2003-ж.ж. Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн статист-экономисти

 Сыйлыктары:

  • «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы» төш белгиси
  • «Муниципалдык кызматтын мыктысы» төш белгиси
  • «Мамлекеттик кызматтын мыктысы» төш белгиси 
  • «Айлана-чөйрөнү коргоонун мыктысы» төш белгиси
  • КРдин Статистика кызматынын «Статистиканын мыктысы» төш белгиси
  • КР ӨКМдин "Чукуул кырдаалдын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы үчүн"  төш белгисине татыктуу болгон 
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы 

Кесиптик жетишкендиктери:

  • JICA программасы боюнча Жапониядан стажировкадан өткөн 
  • Индустриялык парктарды куруу жана башкаруу боюнча КЭРден курстан өткөн