Арстанкулов Талантбек Курбаналиевич 1972-жылдын 1-августунда Ош облусунун Кара-Суу районунуа караштуу Отуз-Адыр айылында туулган.
Жогорку билимдүү.
1995-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун Дарылоо иштери боюнча адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
Эмгек жолун 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун жалпы хирургия кафедрасында ассистент кызматынан баштаган.
2007-2013-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун жалпы хирургия кафедрасында доцент;
2013-жылдын февраль-ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты боюнча башкармалыгында башкы адис;
2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгында бөлүм башчы;
2017-2018-жылдары Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталында башкы дарыгердин орун басары;
2018-2023-жылдары Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору;
2023-жылдын июнь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин координатору;
2024-жылдын февраль айынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүгдө өкүлдүн орун басары болуп эмгектенүүдө.