Жетекчилер өз тармагыңар боюнча ишмердүүлүгүңөрдү күчөткүлө — Эльчибек Джантаев

25.06.2025  14:04

147

Жетекчилер өз тармагыңар боюнча ишмердүүлүгүңөрдү күчөткүлө — Эльчибек Джантаев

Бүгүн, 25-июнь күнү, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаевдин жетекчилиги астында атайын жыйын болуп өттү.

Жыйынга өкүлдүн орун басарлары, укук коргоо органдарынын жетекчилери, облустагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары онлайн форматта катышышты.

Күн тартибинде эки негизги маселе каралды:

1. Карамык жана Бордөбө автожол көзөмөл өткөрмө бекеттерин салтанаттуу ачуу аземине даярдык көрүү;

2. Жетекчилердин өз тармактарындагы ишмердүүлүктөрүнүн жүрүшү боюнча маалымат угуу.

Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба, кооптуу аймактардагы кырдаал, жол курулушу, сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо, энергетика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, санитардык тазалык жана башка социалдык маанилүү маселелер талкууланды.

Облустун башчысы Эльчибек Джантаев ар бир маселе боюнча тиешелүү жетекчилерден маалымат алып, конкреттүү тапшырмаларды берди. Ал ошондой эле өлкө жетекчилиги тарабынан коюлуп жаткан талаптарды эске салып, ишмердүүлүктү ыкчам жана натыйжалуу уюштуруу зарылдыгын баса белгиледи.

«Ар бир жетекчи өз тармагында жоопкерчилик менен иш алып барып, коюлган тапшырмалардын аткарылышын камсыздоого тийиш. Ишти күчөтүп, эл күткөн жыйынтыкты көрсөтөлү», — деп баса белгиледи Эльчибек Джантаев.