Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев облус аймагынан келген жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.
Кабыл алууда тургундар негизинен жер тилкеси, турак жай, ар кандай талаш маселесин чечүүгө көмөктөшүү жана материалдык жардам алуу сыяктуу турмуштук маанилүү маселелерин көтөрүштү.
Өкүлдүн биринчи орун басары ар бир кайрылууну жеке угуп, тиешелүү жетекчилер — акимдер жана айыл өкмөт башчылары менен түз байланышып, маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн тапшырмаларды берди.
Маалымат үчүн: Жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алуу ар аптанын шейшемби күнү, саат 14:00дө өткөрүлөт.