Бүгүн, 17-июнь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев облус аймагынан келген жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.
Кабыл алууда тургундар жер тилкеси, турак жай, жол, сугат суу, ишкердикке колдоо көрсөтүү жана социалдык жардам сыяктуу турмуштук маанилүү маселелерин көтөрүштү.
Курбанбек Айтибаев ар бир кайрылууну жеке угуп, тиешелүү жетекчилер — акимдер жана айыл өкмөт башчылары менен түз байланышып, маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн тапшырмаларды берди.
Маалымат үчүн: Жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алуу ар аптанын шейшемби күнү, саат 14:00дө өткөрүлөт.