Жаңы жылдык майрамдарга карата укук коргоо органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү

29.12.2025  11:26

2

Жаңы жылдык майрамдарга карата укук коргоо органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү

2025-жылдын 29-декабрында Ош шаарында алдыдагы жаңы жылдык майрамдарга карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов жана башка күч түзүмдөрүнүн тиешелүү жетекчилери менен өздүк курам катышты.

Саптык кароонун жүрүшүндө кызматкерлердин кызматтык формалары, техникалык каражаттары жана майрам күндөрү аткарыла турган милдеттери текшерилди. Ошондой эле коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Облус жетекчиси жаңы жыл майрамдарында облустук милиция кызматкерлери аймактарда күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын белгилеп, жарандарды мыйзамдарды сактоого жана коопсуздук чараларына көңүл бурууга чакырды.

Белгилей кетсек, жаңы жылдык майрамдарга карата облустун аймагында 1000ден ашуун кызматкер коомдук коопсуздукту камсыз кылат.

Милиция кызматкерлери майрам күндөрү элдин тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн күнү-түнү кызмат өтөшмөкчү.