Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы №672-т тескемесине ылайык, жарандар эми мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ишмердүүлүгүнө пикир калтырып, баа бере алышат.
Бул мүмкүнчүлүк Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына, министрликтердин жана ведомстволордун облустук (аймактык) башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө, райондук мамлекеттик администрацияларга, райондук мекеме-ишканаларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле муниципалдык мекеме жана ишканаларга тиешелүү.
Баа берүү жана пикир калтыруу үчүн:
1. Мамлекеттик орган жайгашкан имараттын көрүнүктүү жерине илинген QR-кодду телефон камераңыз менен сканерлейсиз.
2. Аты-жөнүңүздү, туулган күнүңүздү, электрондук почтаңызды жана жынысыңызды белгилеп, каттоодон өтөсүз.
3. Андан соң кызмат көрсөтүүнүн сапаты боюнча пикир калтырып, баа кое аласыз.
Бул жаңы ыкма жарандардын оюн угууга, кызматтын сапатын жогорулатууга жана кемчиликтерди жоюуга шарт түзөт.
Эскерте кетүүчү жагдай:
Пикир калтыруу учурунда жалган маалымат берүү, башка адамдарды коркутуу, жалаа жабуу, ар-намысты кемсинтүү, улуттар аралык же диний кастыкты козутуу, зомбулукка чакыруу жана мыйзамга каршы чакырыктарды жасоого катуу тыюу салынат.
Сиздин ар бир оюңуз мамлекеттик кызматтын сапатын өркүндөтүүгө салым кошо алат.